2021-жыл Мехмет Акиф Эрсой жана Улуттук гимндин жылы деп белгиленет
Түркиянын Боштондук гимнинин 1921-жылдын 12-мартында Улуттук гимн катары кабыл алынгандыгы эске салынды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2021-жылдын Мехмет Акиф Эрсой жана улуттук Гимндин жылы деп белгилениши жөнүндө жарлыкты жарыялады.
Президент Эрдогандын кол тамгасы коюлган бүгүнкү Расмий гезитте жарыяланган 2021/6 номердүү жарлыкта, Боштондук жана келечек үчүн күрөштүн эң оор күндөрүндө Мехмет Акиф Эрсой тарабынан жазылган Түркиянын Боштондук гимнинин 1921-жылдын 12-мартында Улуттук гимн катары кабыл алынгандыгы эске салынды.
Жарлыкта Мехмет Акиф жана Мамлекеттик Гимн жылы деп белгилене турган 2021-жыл жыл бою бардык коомдук мекемелер жана уюмдар тарабынан Түркиянын улуттук гимнинин маанисин жана Боштондук согушунун (1919-жылдын 19-майынан 1923-жылдын 29-октябрына чейинки согуштун) маанисин түшүндүрүп берүү максатында элдин жана жарандык коомдук уюмдардын катышуусунда Улуттук гимндин кабыл алынышы жана Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү иш-чаралары уюштурулаары маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.