Битлисте бир аскердик тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта 11 аскер шейит болуп, 2 аскер жараланды.

1595280
Битлисте бир аскердик тик учар кырсыкка учурады

Битлисте аскердик тик учар кырсыкка учурап 11 аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта Бингөлдөн учкан Cougar моделиндеги тик учар менен Түркия убактысы боюнча саат 14:25те байланыш үзүлдү.

Жүргүзүлгөн изилдөө  - куткаруу иштеринде метеорологиялык себептерден улам кырсыкка учураган тик учардагы 9 аскердин шейит болгондугу, 4 аскердин жаралангандыгы белгиленди.

Кийинчерээк министрликтен берилген маалыматта шейит болгон аскер саны 11ге жогорулагандыгы маалымдалды. Жаралуу 2 аскер ооруканага алып барылып дарылоого алынды.

Бир тараптан улуттук коргоо министри Хулуси Акар коштоосунда башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер жана кургак жер күчтөрүнүн командири Үмүт Дүндар менен тик учар кырсыгы тууралуу иликтөө жүргүзүү үчүн аймакка барды. Акар бул жерде тик учардын кырсыкка учурагандыгы тууралуу маалымат берди. Акар : «Алгачкы белгилөөлөргө караганда кырсыктын күтүлбөгөн жерден өзгөргөн ыңгайсыз аба шарттарынан улам болгондугу белгиленүүдө. Кырсыкты изилдөө тобуна ылдам түрдө керектүү  жолдомо берилди. Изилдөөлөр бүгүн башталат. Бул окуянын так себеби кенен түрдөгү изилдөөнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Бизди терең кайгыга салган бул кырсыкта шейит болгон каарман курал жолдошторубузга Алладан ырайым, үй  - бүлөлөрүнө, жакындарына, түрк куралдуу күчтөрүнө жана улутубузга  көңүл айтабыз. Жаралуу аскерлерибизге шыпаа тилеймин»,- деди.

Хулуси Акар шейит болгон 11 аскер үчүн Элазыг аэропортунда өткөрүлгөн узатуу салтанатынан кийин журналисттерге берген маалыматта жараланган аскерлердин абалынын жакшы экендигин айтты. 

 



Тектеш кабарлар