Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммити бүгүн Эрдогандын төрагалыгы астында өтөт
Саммитке мүчө өлкөлөрдүн мамлекет/өкмөт башчылары, байкоочу өлкө катары Түндүк Кипрдин президенти жана Түрк Кеңеши менен Энергетикалык Хартиянын башкы катчыларынын катыша турганы белгиленди.
Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 14-саммити бүгүн президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында онлайн режиминде өтөт.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө, саммитке мүчө өлкөлөрдүн мамлекет/өкмөт башчылары, байкоочу өлкө катары Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти жана Түрк Кеңеши менен Энергетикалык Хартиянын башкы катчыларынын катыша турганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Ковид-19дан кийинки мезгилде Аймактык Экономикалык Кызматташтык темасы менен өтө турган саммитте, глобалдык өндүрүш борборлорунун ортосунда көпүрөнүн ролун аткарган жана камсыздоо чынжырларынын түйүндөрүнүн биринде жайгашкан аймагыбыздагы эң түптүү экономикалык кызматташтык уюмдарынын бири болгон Экономикалык Кызматташтык Уюмунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болот. Мындан тышкары, саммитте пандемияга каршы күрөшүүдө жана пандемиядан кийинки мезгилде уюмдун ичинде жасала турган кадамдарды координациялоо менен келечектеги экономикалык кызматташтык механизмдерин күчтөндүрүү темаларынын талкууланары белгилүү болду» деп маалымдалды.