Эрдоган маданият-искусство-туризмге басым жасады

Президент Эрдоган, Атлас кинотеатры менен Стамбул кино музейинин ачылышында сөз сүйлөдү.

1591629
Эрдоган маданият-искусство-туризмге басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Жылдызы барган жанган өлкө экенибиздин эң маанилүү көрсөткүчү - биз коноктогон чет элдик туристтердин санынын 52 миллионго жетиши»,-деди.

Президент Эрдоган, Атлас кинотеатры менен Стамбул кино музейинин ачылышында сөз сүйлөдү.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөштөн улам киргизилген саякат чектөөлөрүн алып салган же  жумшарткан бардык жерде, Түркияга карата брондоолордун көбөйгөндүгүн белгилеп: «Жылдызы барган сайын жанган өлкө экенибиздин эң маанилүү көрсөткүчү - биз коноктогон чет элдик туристтердин санынын 52 миллионго жетиши" деп айтты.

"Маданий жана көркөм өнөр иш-чаралары өткөрүлүүчү жайлардын санын 858ден 4 миң 139га көбөйтүп, иш-чараларыбыздын санын 34 миңден 110 миңге жеткирдик» деген Эрдоган маданий маселеге алдыңкылык берип, каржылык инфраструктуранын жетишкендиктерин күчтүү программалар менен бекемдей тургандыктарын билдирди.



Тектеш кабарлар