Чавушоглу Хорватиянын президенти Миланович тарабынан кабыл алынды

Министр Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, президент Миланович, премьер-министр Андрей Пленкович жана Хорватия парламентинин төрагасы Гордан Жандрокович менен жолугушканын маалымдады.

1591693
Чавушоглу Хорватиянын президенти Миланович тарабынан кабыл алынды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган Хорватияда кечээ президент Зоран Миланович тарабынан кабыл алынды.

Министр Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, президент Миланович, премьер-министр Андрей Пленкович жана Хорватия парламентинин төрагасы Гордан Жандрокович менен жолугушканын маалымдады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын президент Милановичке саламын жана жакшы каалоолорун бидиргенин айткан Чавушоглу: «Жер титирөөгө байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтттык. Учурдагы аймактык маселелер боюнча пикир алмаштык»,-деди.

Чавушоглу, премьер-министр Пленковичке президент Эрдогандын эң жакшы каалоолорун билдиргенин белгилеп: «Биз түрк компанияларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирдик. Жер титирөө болгон аймактарды калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Алардын Европа Биримдигиндеги конструктивдүү ролу абдан маанилүү»,-деп айтты.

Парламент төрагасы Жандроковичке Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун  жакшы тилектерин билдиришкенин айткан Чавушоглуга: «Пандемиядан кийин парламент биздин президентти Хорватияга чакырат. Биз парламенттик дипломатиянын күчүнө ишенебиз. Парламенттердин ортосундагы мамилени арттырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар