Жергиликтүү абадан коргонуу системасы SUNGUR

РОКЕТСАН чыгарган SUNGUR абадан коргонуу системасы портативдик өзгөчөлүгү менен кургактыкта, абада жана деңиз аянтчаларында интеграцияланат.

1591381
Жергиликтүү абадан коргонуу системасы SUNGUR

Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы профессор доктор Исмаил Демир жергиликтүү абадан коргоо системасы SUNGURду сыноо тууралуу көрүнүштөрдү да камтыган маалымат жарыялады.

Исмаил Демир SUNGURдун бийиктикте кыймылда болгон бутага каршы ийгиликтүү атышы менен абадан коргонуудагы ролун бекемдегендигин айтты.

РОКЕТСАН чыгарган SUNGUR абадан коргонуу системасы портативдик өзгөчөлүгү менен кургактыкта, абада жана деңиз аянтчаларында интеграцияланат.

SUNGUR кыймылдуу атуу жөндөмдүүлүгү, күнү- түнү буталарды аныктоо, иликтөө жана 360 даражада атуу жөндөмдүүлүгүнө ээ.

Аба элементтерине каршы жогорку маневрдүүлүгү, таамай атуу жана каршы чара көрүү өзгөчөлүктөрү менен өз классынын алдында бир система катары алдыга чыгарууда.



Тектеш кабарлар