Түркиянын токойлорду көбөйтүү жана жашылдандыруудагы ийгилиги

Түркиянын ийгилиги БУУ тарабынан да ырасталды.

1589780
Түркиянын токойлорду көбөйтүү жана жашылдандыруудагы ийгилиги

Түркиянын токойлорду көбөйтүү жана жашылдандыруудагы ийгилиги Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан да ырасталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) 2015-2020-жылдар аралыгын камтыган "Дүйнөлүк токой ресурстарын баалоо" (FRA) отчетуна караганда, Түркия токойлордун көбөйүшүн камсыз кылган өлкөлөрдүн тизмесинде 46дан 27ге көтөрүлдү.

Түркия эң көп токой өстүргөн өлкөлөрдүн рейтингинде болсо Европада биринчи, ал эми дүйнөдө 6-орунду ээледи.

Токой инвентаризациясынын изилдөөлөрүнүн алкагында 1973-жылы 20 миллион 199 миң 296 гектар деп аныкталган өлкөнүн токойлору,  2018-жылы 22 миллион 621 миң 935 гектарга, өткөн жылы 22 миллион 740 миң гектарга жетти.

Токойлор боюнча башкы директор Бекир Каражабей, Түркиянын токой байлыктары жана жашылдандырууда FRAнын отчетуна чагылган ийгилигинин абдан кубандыруучу экендигин белгилеп: «Мунун бардыгы өлкөбүздүн токойлорунун көбөйүшүнүн эл аралык каттоосун билдирет. Акыркы 18 жылда биз токойлорубузду 2,1 миллион гектарга көбөйттүк. 2023-жылга карата максатыбыз болсо өлкөнүн аянтынын 30 пайызына туура келген 23,4 миллион гектардык токой аянтына жеткирүү»,- деди.



Тектеш кабарлар