Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Европа Биримдигинин катчысына каршы чыкты
Европа Биримдиги комиссиясынын катчысы Петер Стано Түркиянын «адам укуктарына, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана эркиндиктерге сый көрсөтүшү керектииг» тууралуу сөздөрдү айткан.
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Европа Биримдиги комиссиясынын катчысы Петер Станонун : «Түркия адам укуктарына, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана эркиндикке сый көрсөтүшү керек»,- деген билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.
Калын твиттерден Станого англис тилинде : «Гарада 13 кишини аёсуз түрдө өлтүргөн, Европа Биримдигинин тизмесинде орун алган ПКК тууралуу тынчсызданасаңарбы? Же бул ПКК лоббиси менен башыңар балээге киреби?»,- деди.
Стано Элдердин демократиясы партиясынын депутататрына карата «күчөгөн кысымдан» тынчсыздангандыгын жана Түркиянын «адам укуктарына, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана эркиндиктерге сый көрсөтүшү керектииг» тууралуу сөздөрдү айткан.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.