Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышты

Министр Акардын жыйында, Түркиянын НАТОго кошкон салымдары менен улуттук иш-аракеттерге карата көз караштарын жана сунуштарын айткандыгы белгиленди.

1585792
Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышты

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышты.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги баракчасынан, министр Хулуси Акар да катышкан жыйындын фотосүрөттөрү бөлүшүлдү.

Министр Акардын жыйында, Түркиянын НАТОго кошкон салымдары менен улуттук иш-аракеттерге карата көз караштарын жана сунуштарын айткандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жыйындан кийин билдирүү жасады.

Башкы катчы бир суроо боюнча Түркия НАТОнун Ирак жана Сирия менен чектеш абдан маанилүү өнөктөшү экендигин, террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүдө инфраструктурасы менен чоң салымдарды кошкондугун айтты.

«Түркия террордук кол салуулардан эң көп жабыркаган НАТОнун союздашы» деген Столтенберг, учурда миллиондогон качкындардын Түркияга баш калкалагандарын эске салды.



Тектеш кабарлар