New York Times: «Миллиондогон сириялыктарга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган жалгыз өлкө-Түркия»

Сириянын Африн шаарында жана шаардын жанындагы качкындар лагерлеринде Нью-Йорк Таймс гезити байкоо жүргүзүп, Башар Асаддын кол салууларынан качып Түркия чек арасына баш калкалаган качкындардын эл аралык гуманитардык жардам күткөнүн билдирди.

1585248
New York Times: «Миллиондогон сириялыктарга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган жалгыз өлкө-Түркия»

Америка Кошмо Штаттарында чыгуучу New York Times гезити, Башар Асад режиминин катаалдыгынан жапа чеккен миллиондогон сириялыктарга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган жалгыз өлкө Түркия экендигин жазган.

Сириянын Африн шаарында жана шаардын жанындагы качкындар лагерлеринде Нью-Йорк Таймс гезити байкоо жүргүзүп, Башар Асаддын кол салууларынан качып Түркия чек арасына баш калкалаган качкындардын эл аралык гуманитардык жардам күткөнүн билдирди.

Гезит, акыркы убакта жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын бомбалуу кол салууларына дуушар болгон Африн шаарын жана шаардын Түркия чек ара постунун жанындагы качкындар лагерлерин түшүндүргөн байкоолорун кеңири түрдө жарыялады.

Түрк куралдуу күчтөрү (TКK) тарабынан 2018-жылдын 20-январында ЙПГ/ПККны аймактан тазалоо үчүн баштаган «Зайтун бутагы» операциясына шилтеме жасаган макалада, «Бүгүнкү күндө алар тарабынан корголгон сириялыктар (TКK) бардык кыйынчылыктарга карабастан түрктөрдүн ошол жерде экенине ыраазы» деген серебин салган.

Гезиттин Түркия бюросунун башчысы Шарлотт Уэльс кол койгон макалада, «Сириядагы 10 жылдык жарандык согуштун аяктоосу темасында дүйнөдөгү чар жайыт пикирлерге карабастан Түркия, 5 миллион чакты бул үйлөрүнөн ажыраган жана  оор кырдаалдагы жай тургундарды коргош үчүн аймакта жайгашкан эл аралык жалгыз күч» деген билдирүүлөр көңүлдү өзүнө бурду.

Байкоо макаласында, «Түркиянын өз электр тармагы менен шаарды байланыштырып ондогон жылдарга созулган электрсиздикти соңуна чыгарды, аймакта Түркиянын уюлдук байланыш линиялары жана түрк акчасы колдонулат жана 500 сириялык компаниялар чек ара соодасы үчүн катттоодон өткөн абалда» экендигинин маалыматы камтылган.

Макалада пикирлери берилген Хатайдын губернаторунун орун басары Орхан Актүрк: «Биздин максатыбыз - алардын жашоосун мындан ары нормалдаштыруу. Биз адамдар жашоого кайтып келишсин деп мектептер менен ооруканаларды ачык кармоого аракет кылуудабыз»,-деди.

Шаардагы бомбалуу кол салууларга байланыштуу Актүрк, жардырылган унаалардын жүк ташуучу унаалар менен ЙПГ/ПККнын оккупациясы астындагы Манбиж районунан ташылгандыгын аныкташканын билдирди.

Гезитке маек берген жергиликтүү кеңештин депутаты Саид Сүлейман, Түркиянын көрсөткөн жардамдарынан тышкары, эл аралык гуманитардык жардамга дагы муктаж бар экендигине көңүл бурулду. Ал эми макалада  "Бирок, жүз миллиондогон киши үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган жалгыз өлкө-Түркия»,деген маалымат камтылган.



Тектеш кабарлар