Герт Вилдерске каршылык көрсөтүлдү

Өмер Челик Герт Вилдерстин сөздөрүнө байланыштуу Твиттерден билдирүү жасады.

1584252
Герт Вилдерске каршылык көрсөтүлдү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Нидерландиядагы ашкере улутчул Эркиндик партиясынын жетекчиси Герт Вилдерстин, президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

Челик Герт Вилдерстин президент Эрдоган тууралуу социалдык медиада жарыялаган маалыматына байланыштуу Твиттерден билдирүү жасады.

Өмер Челик: «Президентибизди бутага алган бул фашист, Экинчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде жашаганда каргышка калган нацист болмок. Эгерде ал азыр Жакынкы Чыгышта жашаганда ДЕАШка мүчө канкор болмок»,- деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын болсо Твиттерден Вилдерстин фотосүрөтүн бөлүшүп 'кем акыл' деп жазды.



Тектеш кабарлар