Түркияда колдонулуп жаткан вакцина мутацияга учураган вируска карата пайдалуу

Түркияда активдештирилген вакцина Sinovacтын мутацияга учураган Ковид – 19га карата пайдалуу экендиги билдирилди.

1583749
Түркияда колдонулуп жаткан вакцина мутацияга учураган вируска карата пайдалуу

Түркияда активдештирилген вакцина Sinovacтын мутацияга учураган Ковид – 19га карата пайдалуу экендиги билдирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин илимий Кеңешинин мүчөсү пофессор доктор Хасан Мурат Гүндүз берген маалыматында Кытайдан алып келинген жана Түркияда колдонулган активдештирилген вакцинанын мутацияга учураган вируска карата пайдалуу экендигине көңүлдөрдү бурду. Гүндүз : «Бул вакцина мутант вирустарга карата бир кыйла пайдалуу. Эми башка батыштык өлкөлөр да бул активдештирилген вакцианага багыттала баштады. Ошондуктан бул биз үчүн артыкчылыктуу. Анткени коомубузду активдештирилген вакцина менен эмдеп жатабыз»,- деди.

Коом иммунитетке ээ болсо вакцина бул мутацияга учураган вирустарга каршы да таасирдүү болот деген божомолдун бар экендигин баса белгилеген Гүндүз : «Коомубуз көрүлгөн чараларга баш ийип жана эмделиши менен жаз айларынын акырына карай дагы жакшы жерге барабыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар