Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 93 киши көз жумду.

1583014
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 93 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 27 миң 377 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 123 миң 305 тест жасалып, 671 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 706 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 215 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 468 миң 419га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар