Нигерияда бошотулган түрк деңизчилери Абуджадагы түрк элчилигине алып келинди
Түркиянын Абуджа элчиси Мелих Улуерен экипаждын 6 мүчөсүн тосуп алып үй – бүлөлөрү менен телефон аркылуу сүйлөштүрдү.
Нигерияда бошотулган 15 түрк деңизчинин алтоосу Нигериянын коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө борбор шаар Абуджадагы Түркиянын элчилигине алып барылды.
Түркиянын Абуджа элчиси Мелих Улуерен Улуттук Чалгындоо Уюмунун тобу жана элчиликтин жетекчилери экипаждын 6 мүчөсүн тосуп алып үй – бүлөлөрү менен телефон аркылуу сүйлөштүрдү.
Элчи Улуерен : «26 - январдан бери келе жаткан тынчсыздануу акырына чыкты. Жарандарыбызды арабызда көрүүдөн кубанычтуубуз. Кайгылуу күндөрдү өткөрдүк»,- деди.
Улуерен экипаждын мүчөлөрүнө көңүл айтып, мындай окуялардын кайталанбашынан үмүт кылгандыгын белгиледи.
Бошотулган Месут Мерал ден соолугунун жакшы экендигин айтып : «Баары жолунда. Түркиядагы үй - бүлөлөргө айтарым санааркабагыла, жакында өлкөбүзгө кайтып келебиз»,- деди.
Түрк деңизчилери Түркиянын Абуджадагы элчилигинде эс алып, калган 9 деңизчинин да кечки сааттарда келиши күтүлүүдө.
Либерия желеги илинген «Моцарт» аттуу кеме 23 - январда Нигериянын Лагос шаарына жакын жерде деңиз каракчыларынын кол салуусуна учураган.
Лагостон Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бара жаткан кемедеги 19 кишилик экипаждан 15 киши уурдалып, азербайжандык бир киши өлтүрүлгөн.
Кемени экипаждын 3 кишиси Габондун Порт - Жентил портуна алып келген. Аман кутулган 3 түрк деңизчи 30 - январда Түркияга алып келинген. Уурдалган 15 экипаж кечээ бошотулган.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.