Түркия менен Азербайжандын аскерлери машыгуу өткөрүүдө
"Кышкы машыгуу-2021" уланып жатат.
![Түркия менен Азербайжандын аскерлери машыгуу өткөрүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/86ad/5d92/675c/60250769599a7.jpg?time=1718871642)
![Turk-azerbaycan askerleri kars tatbikat1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7b05/0678/d79e/6025077787cc0.jpg?time=1718871642)
![Turk-azerbaycan askerleri kars tatbikat.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/86ad/5d92/675c/60250769599a7.jpg?time=1718871642)
Азербайжан аскерлери, Түрк куралдуу күчтөрү (TSK) тарабынан Карс шаарында уюштурулган кышкы машыгууда түрк аскерлери менен ийиндеш кызмат өтөгөнүнө кубанычта экендиктерин билдиришти.
Карабах жеңишинин баатырларынын, 9-корпус командачылыгынын жетекчилиги жана көрсөтмөсү менен 14-механикалаштырылган жөө аскерлер бригадасынын командирлиги тарабынан Карс шаарында түрк аскерлери менен биргеликте өткөргөн "2021-жылдагы кышкы машыгуусу" уланып жатат.
Машыгууда Азербайжан аскерлери, түрк аскерлери менен ийиндешип көптөгөн сценарийлер боюнча абада жана кургактыкта операцияларды уюштурууда.
Азербайжандын танк ротасынын командири капитан Фарыз Велиев машыгуунун акыркы күнүндө экендиктерин жана кыштын катаал шарттарында иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканын билдирди.
Велиев: «Түрк армиясы менен ийиндеш туруп машыгуу өткөрүү биз үчүн сыймык жана чоң тажрыйба. Биз бул жерде абдан жакшы сезимдер жана эмоциялар менен, абдан ардактуу жана маанилүү ишти аткарып жатабыз»-деди.
Жалпы 268 кызматкер катышкан машыгууда 190 ар кандай унаа түрлөрү, ошондой эле 218 башка курал-жарактар колдонулууда.