Президенттиктин коопсуздук жана тышкы саясаттар боюнча кеңеши чогулду

Жыйын борбор шаар Анкарада Президенттиктин комплексинде өткөрүлдү.

1581544
Президенттиктин коопсуздук жана тышкы саясаттар боюнча кеңеши чогулду

Президенттиктин Коопсуздук жана тышкы саясаттар боюнча кеңеши кечээ Президенттиктин басма сөз катчысы жана кеңештин төрага милдетин аткаруучу Ибрахим Калындын төрагалыгы астында чогулду.

Борбор шаар Анкарада Президенттиктин комплексинде өткөрүлгөн жыйында Түркия-АКШ мамилелери, Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы кырдаал, Европа Биримдиги (ЕБ) менен карым-катнаштар жана тышкы саясаттагы актуалдуу маселелер сүйлөшүлдү.

Жыйында жаңы мезгилде Түркия-Америка мамилелеринин күн тартибиндеги маселелер боюнча саясаттын альтернативалары талкууланды.

Ливияда жылдын аягында өткөрүлүшү күтүлүп жаткан шайлоого чейин кызмат кылууга бел байлаган убактылуу өкмөткө болгон канааттануу билдирилген жыйында, Ливияда туруктуу тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн саясий жөнгө салуу процессине Түркиянын кош турган салымдары тууралуу ой бөлүшүлдү.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде тынчтыкты жана адилеттүү бөлүштүрүүнү жактагандыгы баса белгиленип, ушул укук жана кызыкчылыктарын коргоого карата чечкиндүүлүгү кайталанды.

Түркия менен Грециянын ортосунда жүрүп жаткан кеңешүү сүйлөшүүлөрү да каралган жыйында, Түркиянын конструктивдүү мамилесине жооп кайтарылышы керектиги белгиленди.

Жыйналышта Түркия-ЕБ карым-катнаштарында стратегиялык артыкчылыктуу багыттар, орток көз караш жана кызыкчылыктардын алкагында кызматташтыкты арттыра турган конкреттүү кадамдардын маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, транспорт жана инфраструктура министринин орун басары Өмер Фатих Саян тарабынан "Түркиянын Улуттук кибердик коопсуздук изилдөөлөрү" аттуу презентация жасалды.



Тектеш кабарлар