Вице - президент Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасында
Фуат Октай сапарынын биринчи күнүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламент спикери Өндер Сеннароглу жана премьер - министр Санер менен жолугушту.
Вице - президент Фуат Октай эки күндүк иш алып баруу сапарынын негизинде Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды. Фуат Октай сапарынын биринчи күнүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламент спикери Өндер Сеннароглу жана премьер - министр Санер менен жолугушту.
Вице - президент Октай бүгүн кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 21: 00да Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мамлекеттик телекөрсөтүүсү Байрак радио телекөрсөтүүсүндө түз эфирге конок болот.
Сапарында Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы финансылык кызматташуу протоколунүн сүйлөшүүлөрүн да өткөрөт.
Сапардын негизинде Президенттиктин Санариптик Трансформация Башкармалыгы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер - министрлигинин ортосунда электрондук кызматтар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жана кургак жолдор боюнча башкы директорлугу менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коомдук иштер жана транспорт министрлигинин ортосунда кургактык жолдор инвестицияларынын ишке ашырылышына байланыштуу протоколго кол коюлат.
Түркия Муниципалитеттер Биримдиги жана Жогорку билим берүү кеңеши менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы тарабындагы тийиштүү мекемелердин арасында да кызматташуу келишими түзүлөт.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.