"Эрен-9" операциясы башталды

Террордук уюмду өлкөнүн күн тартибинен толугу менен чыгаруу жана аймактагы террористтерди таасирсиз кылуу максатында жаңы операция башталды.

1580694
"Эрен-9" операциясы башталды

Хаккариде 2 миң 218 кызматкер катышкан «Эрен-9 Казан-Хан жайлоосу» операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюмду өлкөнүн күн тартибинен толугу менен чыгаруу жана аймактагы террористтерди таасирсиз кылуу максатында жаңы операция башталды.

Операцияга жандармерия командирлери, жандармериянын атайын күчтөрү, полициянын атайын кызматы жана коопсуздук коргоочуларынан турган 2 миң 218 кызматкер (129 ыкчам топ) катышууда.

Билдирүүдө өлкөдө терроризмдин толугу менен жок кылынышы үчүн жүргүзүлүп жаткан Эрен операциялары, коомчулуктун колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улантылып жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар