Фуат Октай Жапониянын элчисин кабыл алды

Кабыл алууда эки өлкөнүн ортосундагы соода, экономикалык, технологиялык жана маданий темалар, ошондой эле коргонуу жаатындагы иштер талкууланды.

1579675
Фуат Октай Жапониянын элчисин кабыл алды

Вице-президент Фуат Октай, Түркиядагы миссиясын жаңы баштаган Жапониянын Анкарадагы элчиси Казухиро Сузукини кабыл алды.

Кабыл алууда эки өлкөнүн ортосундагы соода, экономикалык, технологиялык жана маданий темалар, ошондой эле коргонуу жаатындагы иштер талкууланды.

Казухиро Сузуки, 2011-жылы 11-мартта Жапонияда болгон жер титирөөдөн кийин аймакка биринчи жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн башында Түркия болгонун эске салып, ошол мезгилдеги Түркиянын Табигый кырсыктар жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) башчысы Фуат Октайга көрсөткөн колдоолору үчүн жеке ыраазычылыгын билдирди.

Жапониядагы жер титирөөнүн 10 жылдыгынан улам Түркияда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү каалагандыктарын билдирген Казухиро Сузуки, бул өнөктүк боюнча Октайга маалымат берип, анын колдоп берүүсүн суранды.

Фуат Октай мындай өнөктүктөрдү Түркиянын ар дайым колдоп турарын айтты жана Казухиро Сузукинин жаңы кызматында ийгилик каалады.



Тектеш кабарлар