Эрдоган-Меркель сүйлөшүүсү...

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Түркия менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты алдыга жылдыра турган маселелер талкууланды.

1579671
Эрдоган-Меркель сүйлөшүүсү...

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видео конференция өткөрдү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Түркия менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты алдыга жылдыра турган маселелер талкууланган сүйлөшүүдө, Түркия-ЕБ карым-катнаштарынан баштап аймактык маселелерге чейин баа берилди.

Эрдоган, видео конференцияда Түркия-Европа Биримдигинин карым-катнаштарын позитивдүү күн тартип менен алдыга жылдырууга чечкиндүү экендиктерин билдирип, (ЕБнин) март саммитине бара жаткан процессте байланыштар көбөйтүлүп техникалык сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүн каалагандыктарын билдирди.

ЕБнин Түркияга адилеттүү жана конструктивдүү мамилесинин эки тарапка тең пайдалуу болоорун баса белгилеген президент Эрдоган, 18-март Меморандумун (Мыйзамсыз мигранттарды артка кайтаруу менен Түркиянын жарандарын визадан бошотуу) жаңылоо үчүн керектүү иш-чараларга тез арада баштоо керектигин белгиледи.

Президент Эрдоган, Португалиянын кезектеги төрагалыгы аяктаганга чейин Түркия-Европа Биримдигинин саммитин өткөрүү дагы күтүлгөнүн кайталады.

Германиянын өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Зайберт тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, талаштуу маселелер боюнча диалог менен прогресске жетишүү маанилүү экендигин белгилеп, Меркелдин Чыгыш Жер Ортолук деңиздиндеги акыркы позитивдүү белгилер менен абалды байкагандары жана ал үчүн Түркияны кубаттаганы белгиленди.

Меркель сүйлөшүүдө ЕБ менен Түркиянын ортосундагы туруктуу жана конструктивдүү карым - катнаштардын маанилүүлүгүн кайталаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар