Шентоп Албанияда жолугушууларды өткөрдү

Президент Мета менен жолугушкандан кийин Албаниянын Парламентинин төрагасы Грамоз Ручи тарабынан берилген түшкү тамакка катышкан Шентоп, андан соң премьер-министр Рама менен жолугушту.

1577649
Шентоп Албанияда жолугушууларды өткөрдү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Албаниянын борбор шаары Тиранадагы жолугушууларынын алкагында президент Илир Мета жана премьер-министр Эди Рама менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Албаниянын Президенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, президент Мета эки өлкөнүн ортосундагы мыкты карым-катнаштарга жана бул мамилелердин келечекте дагы да өнүгүшү керектигине токтолуп, Албанияга түрк инвестицияларын көбөйтүү жаатында кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын айтты. Мета: «Эки НАТО союздашы катары кызматташтык тажрыйбасы жана Түркия менен Албаниянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, тынчтык жана коопсуздук үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүү платформа болууну улантууда»,-деди.

Мета ошондой эле Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдогандын 2019-жылы ноябрь айында болгон жер титирөөдөн кийин жабырлануучуларга турак жай куруп берүү жана Фиерадагы оорукананын курулушу темасындагы милдеттенмелери үчүн ыраазычылык билдирди.

Шентоп, Албаниядагы кырдаалга жана Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк процессинин алкагында ишке ашырылган кеңири реформалоо аракеттерине жакын байкоо салгандарын билдирип, Түркиянын Албаниянын ЕБне мүчөлүгүн жана Европа-Атлантика мекемелери менен интеграциясын колдоону уланта берерин айтты.

Президент Мета менен жолугушкандан кийин Албаниянын Парламентинин төрагасы Грамоз Ручи тарабынан берилген түшкү тамакка катышкан Шентоп, андан соң премьер-министр Рама менен жолугушту.

Балкан өлкөлөрүнүн өзгөчө дос жана боордош Албаниянын туруктуулугунун Түркиянын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары экендигин белгилеген Шентоп, 509 миллион долларлык соода көлөмү менен Түркиянын Албаниянын төртүнчү ири соода өнөктөшү экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар