Эрдоган АКШга каршылык көрсөттү

Эрдоган АК партиянын курултайына катышты.

1578174
Эрдоган АКШга каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өз өлкөсүндө (Америка Кошмо Штаттары) Сенатка кирип баргандарды террорчу деп жарыя кылгандардын, Түркияда ректорду кысымга алууга аракет кылгандарды акыйкат издөөчү катары сыпатташынын эки жүздүүлүк экенин айтты.

Президент жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Эрдоган, партиянын Адыяман-Эдирне-Эрзурум-Измир-Кыршехир-Мерсин-Османиедеги 6-кезектеги облустук аялдар бөлүмдөрүнүн конгрессине түз байланыш менен катышты.

Түркиянын туш болгон кол салууларга каршы туруп, келечекке ишенимдүү карай алуусунун үй-бүлө түзүлүшүнүн бекемдигине байланыштуу экенин баса белгилеген Эрдоган: «Үй-бүлөлөрүбүз биз үчүн абдан ыйык. Батыш дүйнөсү үй-бүлө түзүлүшүн бузгандыгы үчүн пайдубалы солкулдап жатат. Өкмөт катары биз аялдар, балдар, жаштар, карылар жана майыптарга багытталган кызматтарыбыз менен улутубуздун ар бир мүчөсүнүн жанында экенибизди көрсөтүүдөбүз»,-деди.

Эрдоган: «Тарыхтагы жеңиштерибизге кандайча чогуу жетишкен болсок, чоң жана күчтүү Түркияны да буюрса чогуу курабыз» деди.

Эрдоган, Стамбул Босфор университетиндеги окуяларга токтолуп: «Тилекке каршы, ал жактагы айрым жаштар сырткы провокациялар менен ушундай оюнга кирип кетишет. Биз терроризмге аралашпаган жаштарды коргошубуз керек. Ошондой эле, өз өлкөлөрүндө эң кичинекей каршылык көрсөткөндөрдүн башын жанчып жаткандардын, өлкөбүздөгү көчөлөрдө терроризмге баргандарды күнөөсүз катары көрсөтүүгө аракет кылышына маани бербейбиз. Албетте, террорчулукка аралашкан уюмдардын оюнчугуна айланган жана зордук-зомбулукту акыйкаттык издөө каражаты катары көрсөткөн адамдын жашына карабайбыз, аны жакадан алып сот органдарына жеткиребиз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Өз өлкөсүндө (АКШ) Сенатка кирип баргандарды террорчу деп жарыя кылгандардын, Түркияда ректорду кысымга алууга аракет кылгандарды акыйкат издөөчү катары сыпатташы эки жүздүүлүк»,-деди.

Эрдоган билим уяларына чагым кылууга же терроризмге түртүүгө эч кимдин укугу жок экендигин жана буга жол бербей тургандарын баса белгилеп: «Мен үй-бүлөлөргө кайрылып жатам, балдарыңарга кам көргүлө. Бул тымызын оюнду чогуу бузабыз деп үмүттөнөм»,-деп билдирди. 



Тектеш кабарлар