Тышкы иштер министрлиги:«Түркиянын ички ишине кийлигишүүгө эч ким аракет жасабасын»

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркияда жыйналыш  жана демонстрация укугу менен сөз эркиндиги конституциялык кепилдиктер астында экендиги баса белгиленди.

1577035
Тышкы иштер министрлиги:«Түркиянын ички ишине кийлигишүүгө эч ким аракет жасабасын»

Түркия, Стамбулдагы Богазичи университетинде болгон окуяларга байланыштуу айрым билдирүүлөргө байланыштуу,«Түркиянын ички ишине кийлигишүүгө эч ким аракет жасабасын»,деген билдирүү жасады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркияда жыйналыш  жана демонстрация укугу менен сөз эркиндиги конституциялык кепилдиктер астында экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө коопсуздук күчтөрүнүн бүгүнкү күнгө чейин ар бир окуяда болгону сыяктуу мындан кийин дагы өз милдеттерин жана жоопкерчиликтерин мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктар менен аткарууну уланта турганы белгиленип, «Университеттин тышынан жана террордук уюмга мүчө болгон чөйрөлөрдүн кирип баруу жана окуяларга үндөө аракеттери аныкталып, нааразычылык билдирүү укугунан ашкан бул мыйзамсыз аракеттерге каршы мыйзамдарыбыздын алкагында керектүү жана ченемдүү чаралар көрүлүүдө», делди.

Билдирүүдө, «Биз ошол чөйрөлөргө мыйзамсыз каражаттарды колдонгон жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн топторду чагымчыл сөздөрдү колдонбогула деп эскертебиз»,делип, жакында эле «өнүккөн» демократия деп аталып калган көптөгөн өлкөлөрдө башкаруучулуктарга карата кичинекей каршылыкка каршы бейкүнөө жана карапайым адамдарга коопсуздук күчтөрүнүн ченемсиз зомбулуктарынын сүрөттөрү дагы деле болсо эсибизде.

Богазичи университетиндеги окуяларды жана Түркиянын бул окуялар менен мыйзам чегинде жүргүзүп жаткан күрөштү көрмөксөнгө салып, Түркияга демократия жана укук сабактарын берүүгө батынгандардын өздөрүн күзгүгө үңүлүп кароосу сунушталган билдирүүсүндө, «Түркиянын ички ишине кийлигишүүгө эч ким аракет жасабасын»,деп баса белгиленди.

Билдирүүдө, Түркиянын Баш мыйзамда кепилденген негизги укуктар жана эркиндикти коргоого болгон эркти жүзөгө ашыргандыгын реформа кадамдары менен далилдеп жатканын белгилеп, бирок муну менен катар террордук уюмдар жана терроризмге байланышы болгон чөйрөлөрдүн бул аймактардагы кыянаттыктарына каршы күрөштү улантып жаткандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар