ТКК Ливиянын аскердик кызматкерлерин окутуусун улантууда

Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинде жарыяланды.

1576891
ТКК Ливиянын аскердик кызматкерлерин окутуусун улантууда

Түрк куралдуу күчтөрү  (ТКК) Ливиянын куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлерин «кычкылтектүү ширеткич, жээк коопсуздугун камсыз кылган кеме жана базалык коргонуу боюнча окутуудан» өткөрдү.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинде жарыяланган билдирүүдө, Аскердик даярдык, кызматташтык жана консультациялык келишимдин алкагында Ливиянын куралдуу күчтөрүнө карай билим берүүлөрдүн улантылганы белгиленди.

Ушул алкакта Ливиянын аскерлери «кычкылтектүү ширеткич, жээк коопсуздугун камсыз кылган кеме жана базалык коргонуу боюнча окутуудан» өткөрүлгөнү маалымдалган бөлүшүүдө, машыгуулардын сүрөттөрү дагы орун алды.



Тектеш кабарлар