Акар Венгрияга барды

Акарды аэропорттон кесиптеши Тибор Бенко тосуп алды.

1576421
Акар Венгрияга барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Венгриянын борбор шаары Будапештке барды.

Германияга сапарынан кийин кечээ Венгрияга барган Акарды аэропорттон кесиптеши Тибор Бенко тосуп алды.

Алгач Будапешттеги түрк шейиттигине барган Акар бул жердеги эскерүү аземинде Бенко менен чогуу Биринчи Дүйнөлүк согуштун Галисия фронтундагы шейиттеринин элесине мемориалга гүлчамбар жана мүрзөлөргө гвоздика гүлдөрүн койду.

Акар ошондой эле Бенко менен биргеликте «Гүл Баба» күмбөзүнө жана маданий борборуна да барды.



Тектеш кабарлар