Түркия жол кырсыгынан адамдардын өлүмүн 50 пайызга кыскартты

Президент Эрдоган Улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн программада сөз сүйлөдү.

1575980
Түркия жол кырсыгынан адамдардын өлүмүн 50 пайызга кыскартты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын дүйнөдө жол кырсыгынан адамдардын өлүмүн 50 пайызга кыскартуу максатына жеткен эки өлкөнүн бири экенин айтты.

Президент Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн "2021-2030-жылдарга карата Авто жол кыймылынын коопсуздугу боюнча стратегия документи жана Иш-аракеттер планы, Жол кыймылынын медиа жүздөрүн таанытуу жана Жол кыймылынын медиа сыйлыктары программасында" сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган өз сөзүндө, бул өлкөдө жашагандардын бардыгынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иш-аракеттерге колдоо көрсөтүүлөрүнүн шарт экенин айтты.

Түркиянын дүйнөдө жол кырсыгынан адамдардын өлүмүн 50 пайызга кыскартуу максатына жеткен эки өлкөнүн бири экендигин белгилеген Эрдоган, жол кырсыктарына байланыштуу: «Жүрөгүбүздүн тынчтыгы үчүн бул санды нөлгө түшүрүшүбүз керек»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар