Чавушоглу Эрсин Татар менен жолугушту

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбору Левкошада расмий иш сапары менен болгон Чавушоглун Татар кабыл алды.

1576019
Чавушоглу Эрсин Татар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар менен жолугушту.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбору Левкошада расмий иш сапары менен болгон Чавушоглун Татар кабыл алды.

Министр Чавушоглу иш сапарынын кечээки бөлүмүндө Түндүк Кипр Республикасынын Жумурият Мажлисинин төрагасы Өндер Сеннароглу жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Эрсан Санер тарабынан өзүнчө кабыл алынды.

Чавушоглу менен Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы кесиптеши Тахсин Эртугрулоглу да жолугушту.

Министр Чавушоглу, парламенттин төрагасы Сеннароглу менен Жумурият Мажлисинде болгон жолугушуусунда, Кипр маселеси боюнча Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Түркиянын сунушу менен 5 + 1 расмий эмес жыйналыш өткөрүү иш-аракетин эске алып, жолугушууларды тездеткенин эске салып, «Кипр түрк элинин кызыкчылыгы үчүн бул сүйлөшүү процессинде кандай мамиледе боло турганыбызды жана кандай кадамдарды таштай ала турганыбызды бул жерде айрыкча Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу жана башка сүйлөшүү тобундагы достор менен бирге баа беребиз»,-деди.

Сеннароглу болсо: «Ыктымалдуу чечим табууда бизди бактылуу кылган, Түрк тарап катары «бул болбосо болбойт жана кызыл чийинибиз» делген Түркия биздин натыйжалуу жана накталай кепилдигибиз болушу. Биздин элибиз буга чоң ишеним артып жатат»,-деп айтты.

Чавушоглу премьер-министр Санер менен болгон жолугушуусунда жаңы түрдөгү коронавируска(Ковид-19) каршы күрөшүүдөгү ийгилиги үчүн аны куттуктап, «Алдыдагы процессте бул жерде эмделиши керек болгон ар кимдин эмделиши үчүн керектүү жана жетиштүү вакцинаны да Түркияга келген сайын боордош мекен ТКТРна да жөнөтүп турабыз. Бул мааниде Кипр түрк элин жалгыз калтырбайбыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар