Эрдоган Лашетти куттуктады

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы маалымдады.

1574315
Эрдоган Лашетти куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия штатынын премьер-министри Армин Лашетти Христиан-демократиялык биримдик партиясынын (CDU) төрагасы болуп шайланышы менен телефон аркылуу куттуктады.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, канцлер Ангела Меркел менен түзгөн жакын жана достук кызматташтыкты Армин Лашет менен дагы түзө тургандарын белгилеген президент Эрдоган, Армин Лашеттин Түркия-Германия мамилелеринин өнүгүшүнө жана түрк коомчулугуна карай позитивдүү мамилесине болгон мамилесин жаңы миссиясында дагы улантаарына ишенгенин билдирди.

Түркия жана Германиянын бардык тармактарында уникалдуу карым-катнаштары бар экендигин баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын эң ири соода өнөктөшү Германия менен күчтүү экономикалык байланыштары бар экенин, бул көп багыттуу жана терең тамырлашкан мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани бергендерин айтты.

Түрк коомунун Германиянын экономикалык, социалдык, саясий жана маданий жашоосуна кошкон салымдарына токтолгон Эрдоган, Германиядагы түрктөргө жана мечиттерине барган сайын күчөп бараткан кол салууларга каршы керектүү чараларды көрүү, окуяларга кылдаттык менен иликтөө жүргүзүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жаатында немис бийлигине ишенишкендиктерин айтты.

Президент Эрдоган айрыкча радикалдашуу жана экстремизмдин алдын алууда Түрк-Ислам Дин иштери биримдигинин (DITIB) жана түрк диний кызматкерлеринин маанилүү ролдору көз жаздымда калбашы керектигин белгиледи.

Армин Лашеттин кийинки мезгилде Түркия-Европа Биримдиги мамилелерин конкреттүү жана позитивдүү күн тартиптин негизинде алдыга жылдырууга умтулаарына үмүттөнөөрүн айткан президент Эрдоган, Германияда сентябрь айында боло турган парламенттик шайлоодо Армин Лашетке жана партиясына ийгилик каалады.



Тектеш кабарлар