Тышкы иштер министри Чавушоглу бельгиялык кесиптеши менен жолугушту
Мевлүт Чавушоглу 2023 – жылы Түркия менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык карым - катнаштардын 185 жылдыгы экендигин белгиледи.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселдеги жолугушууларынын негизинде Бельгиянын тышкы иштер министри София Вильмес менен жолугушту. Чавушоглу Эгмонт сарайындагы жолугушуудан кийин соцтармактан берген билдирүүсүндө 2023 – жылы Түркия менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык карым - катнаштардын 185 жылдыгы экендигин белгиледи.
Бельгияда бирдикте жашоо маданиятынын символу болгон түрк жарандары тууралуу маселелерди Вильмес менен да карап чыгышкандарын айткан Чавушоглу : «Эки тараптуу карым - катнаштарыбызга көлөкө түшүрүлүшүнө уруксат бербейбиз. Европа Биримдиги менен карым - катнаштарыбызда Бельгиянын колдоосуна ыраазы болобуз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.