Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди

Эрдоган, жума намаздан кийин журналисттерге маалымат берди.

1569162
Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жикчил террордук уюм ПККга каршы Ирактын Синжар аймагына операция жүргүзүлүшү мүмкүн экенин билдирди.

Эрдоган, Стамбулда жума намаздан кийин журналисттердин "Синжарда ПККга каршы операция жүргүзүлөбү?" деген суроосуна: «Бул (операция) билдирилбейт. Менин ар дайым айткан сөзүм бар, бир түнү күтүлбөгөн жерден кирип барышыбыз мүмкүн", - деп жооп берди.

Ошондой эле Эрдоган, коронавируска (Ковид-19) каршы Кытайда иштелип чыккан вакцинанын экинчи партиясынын ушул жуманын аягына чейин келиши мүмкүн экенин айтты.

Эрдоган: «Экинчи партия вакцинабыз Кытайда бекитилди. Ал ушул жуманын аягында келиши мүмкүн», деди.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндөгү айтымдарга жооп берген президент, 2023-жылдын июнь айына чейин мөөнөтүнөн мурда шайлоолор жөнүндө сөз болбостугун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар