Түркияда Ковид-19га каршы эмдөө иштери уланып жатат

Биринчи этаптын экинчи кадамына ылайык, карылар үйүндө жашагандарга, майыптарга жана 90 жаштан ашкан жарандарга эмдөө иштери кечээ башталды.

1567606
Түркияда Ковид-19га каршы эмдөө иштери уланып жатат

Түркияда 14-январь бейшемби күнү башталган коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө иштеринин алкагында эмдөөдөн өткөндөрдүн саны бир миллиондон ашты.

Өлкө боюнча башталган эмдөө иштеринин биринчи этабында медицина кызматкерлери, кытайлык Sinovac компаниясы чыгарган CoronaVac вакцинасынын биринчи дозасын алышты.

Биринчи этаптын экинчи кадамына ылайык, карылар үйүндө жашагандарга, майыптарга жана 90 жаштан ашкан жарандарга эмдөө иштери кечээ башталды.

Эмдөөнүн жетинчи күнүндө 1 миллиондон ашык адамга CoronaVac вакцинасынын биринчи дозасы берилди.

Биринчи эмдөөдөн кийин экинчи доза 28 күндөн кийин берилет.



Тектеш кабарлар