Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселге барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 20 – 22 -  январь күндөрү Бельгиянын борбор шаары Брюсселге сапар менен барат.

1566790
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселге барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 20 – 22 -  январь күндөрү Бельгиянын борбор шаары Брюсселге сапар менен барат. Чавушоглу Европа Биримдиги Кеңеши, Европа Биримдиги Комиссиясынын жогорку мартабалуу жетекчилери жана Европа Парламентинин айрым мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта  : «Урматтуу министрибиз Бельгиянын вице  - премьер  - министри, тышкы иштер, Европа иштери, тышкы соода жана федералдык маданий мекемелер министри Софи Вилмес жана НАТОнун  башкы катчысы Йенс Столтенберг  менен да жолугушуп эки тараптуу жана көп тараптуу карым  - катнаштарды карап чыгат

Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштары бардык жагы менен жана мүчөлүк процесси тууралуу актуалдуу аймактык жана эл аралык темалардын каралышы күтүлгөн Брюссель жолугушууларында Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштарында оң күн тарип беренелеринде өнүгүүнүн болушуна байланыштуу күтүүлөрүбүз билдирилет»,- деп белгиленди.



Тектеш кабарлар