Түрк Кызылайы селден жабыркагандарга жардам берди
Идлиб аймагындагы ашыкча жамгыр жаашы 50 000 жаран кыйын шарттарда жашап жаткан лагерлердин суу астында калуусуна себеп болду.
Түрк Кызылайы Сириянын Идлиб элетинде болгон сел апаатынан улам лагерлерде жашап жаткан жабыркоочуларга жардам жиберди.
Түрк Кызылайынан берилген маалыматка караганда Идлиб аймагындагы ашыкча жамгыр жаашы 50 000 жаран кыйын шарттарда жашап жаткан лагерлердин суу астында калуусуна себеп болду. Лагерлердеги чатырларда жашоо үчүн күрөшүп жаткан жабыркоочулардын төшөк – жууркан, кийим - кечелери колдонулбай турган абалга келди.
Сел себеп болгон чыгымдарды ордунда изилдеген Түрк Кызылай топтору биринчи этапта жамгырдан таасирленген Умут, Ел Емел, Абу Ганса, Ел Хүжра, Хувеййер жана Гакаби лагерлерине алып барган гуманитардык жардамдар менен жабыркоочуларга жардам берди. Жаңыдан чатыр курган топор жабыркоочуларга одеало жана нан таратышты.
Түрк кызылайы аймакка чатыр, одеало, көмүр меши, көмүр, гигиеналык жана тамак - аш кутулары сыяктуу жардам материалдарын жиберди. Кызылай муктаждыктарды камсыз кылууну улантат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.