Ирак массалык маалымат каражаттары Акардын сапарына кенен орун беришти

Иракта расмий гезити  «Сабах» гезити бүгүнкү санында «Ирак менен Түркиянын ортосунда биргелешкен чек ара коопсуздугу келишими» деген темада кабарга орун берди.

1566769
Ирак массалык маалымат каражаттары Акардын сапарына кенен орун беришти

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлердин Ирактын борбор шаары Багдат сапары өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында кенен орун алды.

Иракта расмий гезити  «Сабах» гезити бүгүнкү санында «Ирак менен Түркиянын ортосунда биргелешкен чек ара коопсуздугу келишими» деген темада кабарга орун берди.  Кабарда Акар менен Гүлердин премьер  - министр Мустафа ел  -  Казыми, президент Бехрем Салих жана коргоо министри Жума Инад менен өткөргөн жолугушууларына кенен орун берилди.

Өлкөнүн «Заман» гезити болсо Акар менен Гүлердин Багдат сапарын «Казыми Акарга Ирактан Түркиянын ырааттуулугуна карата коркутууларды четке кагышкандарын билдирди» деген темада окурмандарына билдирген.

Расмий Ирак маалымат агенттиги Ирак улуттук маалымат агенттиги жана ел  -  Меда гезити менен бирге эң көп окулган маалымат сайттарында да Акардын өлкөгө жасаган сапары тууралуу кенен маалыматтар орун алды.



Тектеш кабарлар