Куралдуу дрон "Сонгар" аскердик бронетехникалык куралдар менен бириктирилди

Автоматтык пулемёт менен жабдылган «Сонгар» аскердик технологиялык системасы 3 чакырым радиуста өз миссиясын аткарат.

1564788
Куралдуу дрон "Сонгар" аскердик бронетехникалык куралдар менен бириктирилди

Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кирген "биринчи улуттук куралдуу учкучсуз" «Сонгар» биринчи жолу бронетехникалык куралдар менен бириктирилди.

Ушундайча  «Сонгар» куралдуу дрон системасынын жардамы менен абадан буталарын табуу жана алыстан куралдуу операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Аскердик  жана коопсуздук операцияларында күнү-түнү иштеген «Сонгар», автономиялык конуу жана учуу мүмкүнчүлүктөрү менен ассиметриялык коркутууларга кийлигишүү үчүн 7 күн 24 саат жооп берүүгө даяр.

Автоматтык пулемёт менен жабдылган «Сонгар» аскердик технологиялык системасы 3 чакырым радиуста өз миссиясын аткарат.

Маалыматтарды реалдуу убакытта өткөрүү системасына ээ болгон  «Сонгар» бир же бир нече дрон системасы менен аныктоо, коркунучту нейтралдаштыруу жана операциядан кийинки зыянды аныктоо сыяктуу көптөгөн орчундуу тапшырмаларды аткарат.

«Сонгар» кургактык унааларын интеграциялоо менен чек арада  коопсуздукту камсыз кылуу иш-аракеттеринде, буктурмаларга же коркутууларга каршы абадан көп сандагы окторду колдонуу менен жана зарыл учурда чабуул коюу максатында активдүү колдонулат.



Тектеш кабарлар