Түркия Индонезияга көңүл айтты

Мажене шаарындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35ке жеткени кабарланды.

1564422
Түркия Индонезияга көңүл айтты

Түркия, Индонезия элине жана өкмөтүнө бүгүн болгон жер титирөөдөн каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Индонезиянын Батыш Сулавеси аймагынын Мажене шаарында бүгүн 6,2 баллдык жер титирөө болуп, жер титирөөнүн көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келгендиги бизди терең кайгыга салды», деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө: «Каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, алардын туугандарына, дос жана боордош Индонезия эли менен өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», делди.

Батыш Сулавесинин Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин башчысы Дарно Мажид, Мажене шаарындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35ке жеткенин кабарлады.

637 адам жаракат алган жана 15 миңден ашуун адам коопсуз аймактарга эвакуацияланган жер титирөөдө, куткаруучу топтордун аймактагы иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар