Түркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 10-январда Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга байланыштуу маалыматты сайтында жарыялады.

1560865
Түркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
kirgizistan-ve-turkiye-bayraklar.jpg

Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн кезексиз Президенттик шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу тутуму боюнча референдум тынч жана коопсуз түрдө аяктагандыгына биз кубанып турабыз.

Президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн пайдалуу болушун каалайбыз.

Түркия, Кыргызстандагы демократиялык процесстин инклюзивдүүлүгүн жана социалдык консенсустун негизинде натыйжаланышы багытында таштала турган кадамдарды колдойт.



Тектеш кабарлар