Шентоп: «Түркиянын аскердик технологиялары бүткүл дүйнөгө маалым»

"Түштүк Кавказда күч тең салмактуулугу жана Карабах маселеси" симпозиуму башталды.

1559986
Шентоп: «Түркиянын аскердик технологиялары бүткүл дүйнөгө маалым»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркияда өндүрүлгөн аскердик мүмкүнчүлүктөр менен технологиялардын дүйнөдөгү чыр-чатактардын, ​​согуштардын түшүнүгүн өзгөртө турчу потенциалга ээ экенин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын кожоюндугунда Стамбул жана Мрамор университеттери биргелешип уюштурган «Түштүк Кавказда күч тең салмактуулугу жана Карабах маселеси симпозиуму» Топкапы сарайы музейинин жыйындар залында башталды.

Армения менен Азербайжандын ортосунда Тоолуу Карабах жаңжалынан улам 27-сентябрда кагылышуулардын башталганын жана 9-ноябрда Азербайжандын чоң жеңишке жетишкенин белгилеген Шентоп, Түркиянын Азербайжандын адилеттүү доосуна колдоо көрсөткөнүнө көңүл бурду.

Түркиянын Азербайжан менен түзгөн келишимдери жана технологиялык жол менен чыгарылган логистикалык мүмкүнчүлүктөрү да бар экенин айткан Шентоп: «Сирияда, Ливияда, Азербайжандагы Тоолуу Карабак жаңжалында Түркияда өндүрүлгөн аскердик мүмкүнчүлүктөр менен технологиялардын дүйнөдөгү чыр-чатактардын, согуштардын түшүнүгүн өзгөртө турчу потенциалга ээ экенин ортого салды. Азербайжандын ийгилигинде бул мүмкүнчүлүктөр менен технологиялардын абдан натыйжалуу болгонун бүткүл дүйнө кабыл алды»,-деди.



Тектеш кабарлар