ПККга кошулгандын саны азайды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу маалымат бөлүштү.

1556083
ПККга кошулгандын саны азайды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, 2020-жылы террордук уюм ПККга кошулуу деңгээлинин, уюм кыймылын баштаган биринчи жыл болгон 1984-жылдагыдан төмөн болгонун айтты.

Сүлейман Сойлу Твиттердеги баракчасынан "Түркиянын ПККга каршы жалпы күрөшү" деген аталышта, 1984-2020-жылдардагы жикчил террордук уюмга кошулуу графигин бөлүштү.

2020-жылы 52 кишинин ПККга мүчө болгонун белгилеген Сойлу: «2020-жылы террордук уюм ПККга кошулуу деңгээли уюм кыймылын баштаган биринчи жыл болгон 1984-жылдагыдан төмөн болду. Бул биздин президентибиздин жетекчилигиндеги чечкиндүүлүктүн натыйжасы»,-деди.



Тектеш кабарлар