Президент Ковид - 19 вакцинасы тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган жаңы тип коронавируска каршы Кытайда чыгарылган вакцинадан Түркияга  3 миллион даана келгендигин жана мунун уландысы келерин билдирди.

1555777

Президент Эрдоган Стамбулда Аясофия мечитинде жума намазынан кийин маалымат берди.

2020 -  жылдын бардык адамзат үчүн оор жыл болгондугун белгилеген Эрдоган Ковид  - 19га каршы чыгарылган вакциналар тууралуу бир аралыктын өтүлгөндүгүн айтты.

Эрдоган : «Өткөргөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кытайдан 3 миллион вакцина келди жана бул улантылат. Максатыбыз 50 миллион. Мунун жанында Германиядан да ошончолук вакцина келет»,- деди.

Президент өзгөчө Германия менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө вакцина тууралуу  биргелешкен өндүрүштүн сөз болгондугун белгилеп : «Бул тууралуу ТҮБИТАК ишин жүргүзүүдө.  Оң абалдар бар. Ошондой эле Россия менен бир эмгегибиз бар. Түркиянын өзү жүргүзгөн эмгектер бар. Көрүлгөн чаралардын негизинде  2021 -  жылы  коронавирус бейтаптарынын санында төмөндөө болот деп ойлойбуз»,- деди.

Тектеш кабарлар