Президент Эрдогандын 2021 - жылы үчүн билдирүүсү
Президент Р. Т. Эрдоган 2021 - жылы да ар дайым болгондой максаттарына чечкиндүүлүк менен барышарын жана Түркия үчүн дагы көп иштешерин айтты.
![Президент Эрдогандын 2021 - жылы үчүн билдирүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f0c3/062c/cc72/5fe57e4ce339c.jpg?time=1718891272)
Президент Р. Т. Эрдоган 2021 - жылы да ар дайым болгондой максаттарына чечкиндүүлүк менен барышарын жана Түркия үчүн дагы көп иштешерин айтты.
Президент Эрдоган твиттерден берген маалыматында коронавирустун таасири астында өткөн 2020 - жылы саламаттык сактоо жана башка тармактарда баалуу долбоорлорду жана кызматтарды элге жеткиришкендерин белгиледи.
2021 - жылы да ар дайым болгондой максаттарына карай чечкиндүүлүк менен барышарын баса белгилеген Эрдоган : «Түркия үчүн дагы көп иштейбиз»,- деди.
Эрдогандын маалыматында : «2020 - жылы эмнелерди аткардык» деген темада "40 миллион көчөт / көчөттөрдү отургузуу", "Президенттик Элдик Китепкана", "Аясофия мечитинин ачылышы", "Кара деңиздеги 405 миллиард кубометр жаратылыш газы" жана "расмий сапарлар", "имараттар", "фабрикалар, мекемелер» , "электр станциялары»», "ооруканалар", "транспорт", "дамбалар жана ирригациялык долбоорлор", "технология", "маданият жана искусство", "өлкө ичиндеги сапарлар", "социалдык жана коммерциялык колдоо, жардам" деген темаларга байланыштуу аткарылган иш чаралар тууралуу маалымат берилди.