Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : "Санкция биздин эгемендик укуктарыбызга карата кол салуу"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын санкциялар менен артка кадам таштабай тургандыгын баары билгенин айтты.

1554053
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : "Санкция биздин эгемендик укуктарыбызга карата кол салуу"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын санкциялар менен артка кадам таштабай тургандыгын баары билгенин айтты.

Түркия  - Россия биргелешкен стратегиялык пландоо группасынын  8 -  жыйыны үчүн Россияга барган Мевлүт Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров менен Сочи шаарында  пресс  - жыйын өткөрдү. Чавушоглу сөзүндө АКШнын Түркияга карата Россиядан С  - 400 абадан коргонуу системаларын алды деген негиз менен CAATSA санкция чечими тууралуу билдирди.

«Бул санкция биздин эгемендүү мыйзамдарыбызга карата кол салуу»,- деген Чавушоглу : «Санкциялар менен артка кадам таштабай турганыбызды баары билет»,- деди.

Сөзүндө Түркиянын Ливияга карата колдоосуна токтолгон  Чавушоглу : "Бул бир өлкөнүн же кайсы бир кишинин,  Ливиянын чыгышында, куралдуу күчтөрдүн легитимсиз лидери Хафтердин да : «Түркия чыгып кетсин деп айтууга акысы жок»,- деди.

Жаңы тип коронавирус менен күрөшүү да күн тартип беренесинен орун алды.

Чавушоглу Ковид  - 19  менен күрөшүүнүн негизинде Россия менен кол коюлган келишим боюнча Түркияда биргелешкен вакцина өндүрүлөрүн билдирди.

Түркия  - Россия соода карым  - катнаштарына да токтолгон Чавушоглу Россиянын Түркиядан помидор экспортуна карата квоталарды көбөйтөрүн айтты.

Сергей Лавров да сөзүндө Россияда жасалган коргонуу системасын сатып алганы үчүн АКШнын Түркияга санкция салуу чечимине токтолуп,  мыйзамсыз санкцияларга каршы Анкара менен аскердик  - техникалык биримдикти улантышарын айтты.

Вашингтондун Анкарага олутту кысым жасагандыгын, муну да расмий болбогон жолдор менен жасагандыгын белгилеген Лавров ушуга карабастан Түркиянын баш тартпагандыгын баса белгилеп : «Түркия менен Россиянын ортосундагы карым  - катнаштар абдан баалуу. Карым  - катнаштарыбыз эч кимдин агрессивдүү мамилесинен көз каранды эмес»,- деди.

Тоолуу Карабах маселесин да карашкандарын айткан Лавров Карабахтагы абалдын эч ким тарабынан унутулбашы керектиги тууралуу түрк тарабы менен бирдей пикирде экендерин айтты.

 



Тектеш кабарлар