Чавушоглу замбиялык кесиптеши менен жолугушту
Чавушоглу социалдык медиа баракчасынан жолугушуу жөнүндө билдирүү жасады.
1553833
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Замбиянын тышкы иштер министри Жозеф Маланжи менен жолугушту.
Социалдык медиа баракчасынан жолугушуу жөнүндө билдирүү жасаган Чавушоглу: «Президент Эдгар Чагва Лунгудан президентибиз Режеп Тайип Эрдоганга атайын кайрылуу алып келген Замбиянын тышкы иштер министри Жозеф Маланжи менен эки тараптуу мамилелерибизди талкууладык. Биз кызматташуубузду ар тараптан илгерилетебиз», - деди.