Шемдинлиде бир аскер кар көчкүнүн астында калып шейит болду

Билдирүүдө 2 аскердин кар көчкү астында калгандыгы, ооруканага түшкөн аскерлердин биринин бардык аракетке карабастан шейит болгондугу белгиленди.

1552637
Шемдинлиде бир аскер кар көчкүнүн астында калып шейит болду

Хаккаринин Шемдинли районунда кар көчкүнүн кесепетинен бир аскер шейит болуп, бир аскерди издөө иштери улантылууда.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Шемдинли районундагы базалык аймакта кар жаап жабылган жолду ачуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер учурунда кар көчкү түшкөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө 2 аскердин кар көчкү астында калгандыгы, ооруканага түшкөн аскерлердин биринин бардык аракетке карабастан шейит болгондугу белгиленди.

Кар көчкү астында калган аскерди издөө/куткаруу иштери улантылып жатканы билдирилип,«Бизди терең кайгыга салган бул окуяда өмүрүнөн ажыраган шейитибизге, анын кайгылуу үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл элибизге көңүл айтып, сабырдуулук тилейбиз»,делди.



Тектеш кабарлар