Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Бир сутканын ичинде 178 миң 872 тест жасалып, 3 миң 2 жаңы бейтап аныкталды

1552457
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 253 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 19 миң 624 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 178 миң 872 тест жасалып, 3 миң 2 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 15 миң 118 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 23 миң 231 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 1 миллион 994 миң 34кө жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар