Түрк Кызылайынын 2020 - жылдагы гуманитардык жардамдары

Түрк Кызылайы бул жылы 834 миллиондук гуманитардык жардам берди.

1552309
Түрк Кызылайынын 2020 -  жылдагы гуманитардык жардамдары

 

Түрк Кызылайы 2020 -  жылы да  дүйнөнүн төрт тарабына жардам берди.

2020 -  жыл тууралуу маалымат берген Кызылайдын башкы катчысы Керем Кынык, берилген гуманитардык жардамдардын көлөмү тууралуу айтты.

Түрк кызылайынын мамлекетке колдоо жана улутуна кызмат үчүн түзүлгөн улуттук бир жамаат экендигин  айткан Кынык улуттук жардамдардын жылдын ичинде 26 миллион 16 591 кишиге жеткирилгендигин белгиледи.

Кынык : «2020 -  жылы өлкө ичинен алган жардамдар менен 645  миллион 265  965 түрк лирасы,  өлкө тышында да 189  миллион 11 104 түрк лирасы болуп жалпы 834 миллион 277  69 түрк лирасы гуманитардык жардамды адамдарга жеткирдик»,- деди.



Тектеш кабарлар