«Оруч Рейс» кемеси Анталья портунан жөнөп кетти

Кеменин сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүзө турганы билдирилди.

1551350
«Оруч Рейс» кемеси Анталья портунан жөнөп кетти

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ишин улантуу үчүн Анталья портунан жөнөп кетти.

Кеменин Анталья булуңунун жээктеринде 6 ай сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүзө турганы билдирилди.

Демре аянтындагы эки өлчөмдүү (2D) сейсмикалык изилдөөлөрдү бүткөндөн кийин кеме 30-ноябрда Анталья портуна кайтып келди жана кемеге техникалык тейлөө жана май куюу иштери жүргүзүлдү.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей турган аймак үчүн 2021-жылдын 15-июнуна чейин созула турган жаңы Navtex (деңизчилерге жарыя) жарыяланган соң «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси Анталья портунан сапар алды.

Оруч Рейсти аймактагы иштеринде коштой турган "Атаман" жана "Женгизхан" аттуу кемелер дагы порттон жөнөп кетишти.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси континенттик шельф жана жаратылыш ресурстарын издөө менен бирге ар түрдүү геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү.

Толук жабдылган жана көп максаттуу дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү изилдөө кемелеринин бири болгон бул кеме 2 жана 3 өлчөмдүү сейсмикалык, гравитациялык жана магниттик түрдө геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Ошондой эле бул кеме тереңдиги 8 миң метрге чейин 3 өлчөмдүү, 15 миң метр тереңдикке чейин 2 өлчөмдүү сейсмикалык операцияларды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар