Кытай тайманбас түрк аскеринен сөз кылууда

Кытайда полициядан качкан шектүүнүн кармалышына жардам берген түрк аскердик жооптуу Мурат Алкандын кыймылы жогору бааланды.

1550490
Кытай тайманбас түрк аскеринен сөз кылууда

Кытайда полициядан качкан шектүүнүн кармалышына жардам берген түрк аскердик жооптуу Мурат Алкандын кыймылы жогору бааланды.

Кытайдын Чонгчинг шаарында өткөн жумада полиция бир шектүүнүн артынан түштү.

Полициядан качкан шектүүнү ал учурда окуя болгон жердеги бир киши чалып жыгытты. Жерге кулаган шектүүнүн камоого алынышына жардам берди.

Полицияга жардам берген кишинин иш алып баруу сапары менен ал жерге барган жана Пекин элчилигинде ички иштер министрлигинин кеңешчиси катары кызмат кылган жандармериянын  полковниги Мурат Алкан экендиги белгиленди. Шектүүнүн кармалышына жардам берген Алкан тууралуу кытай массалык маалымат каражаттары мактоо менен сөз кылды. Окуяны көргөн күбөлөр Алкандын ылдам каршылык көрсөткөндүгүн жана тайманбастык менен кыймыл кылганын айтты.



Тектеш кабарлар