Эрдоган Албаниядагы жер титирөөдө үй-жайынан айрылгандарга жаңы үйлөрүн тапшыра тургандарын билдирди

Президент Эрдоган, Экология жана шаар пландоо министрлигине караштуу Турак жай курулуш башкармалыгы (ТОКИ) тарабынан Албанияда салына турган 522 үйдүн пайдубалын түптөө аземине Президенттик комплекстен түз байланыш менен катышты.

1550740
Эрдоган Албаниядагы жер титирөөдө үй-жайынан айрылгандарга жаңы үйлөрүн тапшыра тургандарын билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Албаниядагы жер титирөөдө үй-жайынан айрылган аман кутулгандарга эң кыска мөөнөттө жаңы үйлөрүн тапшыра тургандарын билдирди.

Президент Эрдоган, Экология жана шаар пландоо министрлигине караштуу Турак жай курулуш башкармалыгы (ТОКИ) тарабынан Албанияда салына турган 522 үйдүн пайдубалын түптөө аземине Президенттик комплекстен түз байланыш менен катышты.

Долбоордун эки өлкөнүн ортосундагы достукка салым кошо тургандыгын баса белгилеген Эрдоган:«Бул үйлөр, Түркия жана Албания достуктугунун жаңы белгисин түзөт. Эң кыска убакта турак жайдын биринчи этабын бүтүрүп жер титирөөдө үйлөрүнөн айрылган бир туугандарыбызга тапшыра баштайбыз»,-деп айтты.

Экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум да пайдубалын түптөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө, курула турган үйлөр эки өлкөнүн ортосундагы кылымдарды карыткан достук жана бир туугандык мыйзамын дагы да бекемдей турганын айтты.

Курум, турак үйлөрдүн 8 айдан кийин тапшырыла турганын билдирди.

2019-жылдын 26-ноябрында Албаниянын борбору Тирананын 30 чакырым түндүк-батыштагы Дуррес шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:54 чамасында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөөдөн 51 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар