Шентоп:«Түркия күчтүү мамлекет, анын достугунун баалуулугун бардык тараптар кабыл алышат»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, 21-декабрь Түркчө билим күнүндө Түндүк Македониянын борбору Скопьеде өткөрүлгөн майрамдык программага катышты.

1549333
Шентоп:«Түркия күчтүү мамлекет, анын достугунун баалуулугун бардык тараптар кабыл алышат»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын достугунун баалуулугу, бардык кызыкдар тараптар тарабынан кабыл алгандыгын айтты.

Шентоп 21-декабрь Түркчө билим күнүндө Түндүк Македониянын борбору Скопьеде өткөрүлгөн майрамдык программага катышты.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө түркчөнүн маанилүүлүгүнө токтолгон Шентоп,«Эгер түрк тили болбосо азыркы бар экенибиз мындай турсун, балким тарыхтагы бар экенибиз жөнүндө сүйлөшө да алмак эмеспиз. Эгерде бизде жазуу тили, адабияты жана чыгармалары жок болсо, биз да тарыхтын үзгүлтүксүз агымында унутулуп, биз чаңдуу уламыштар менен жаап ташталмакпыз»,-деп айтты.

Парламент төрагасы Шентоп, Осмон доорунда Румелиден бир гана мамлекеттик жана саясий ишмерлер эмес, ошондой эле искусство жана адабият жаатындагы баалуу ысымдар чыккандыгын жана Яхья Кемал Бейатлы менен Мехмет Акиф Эрсой ушул баалуу ысымдардан болгонун баса белгиледи.

Шентоп, Балкан өлкөлөрүндө дүйнөнүн негизги тилдеринин бири болгон түрк тилинин бар экендигин, Түндүк Македонияда гана эмес, ошондой эле Косово, Болгария, Батыш Фракия, Босния-Герцеговина жана Румыния сыяктуу түрк жамааттары жайгашкан жерлердеги түрк маданияты жана көркөм адабияттарын да баалуу деп эсептешээрин айтты.

Түрк билим күнүнүн алкагында бир катар программаларга катышкандыктарын белгилеген Шентоп сөзүн төмөнкүчө улантты: «Түркия күчтүү мамлекет, анын достугунун баалуулугун бардык тараптар кабыл алышат. Биз бардык тармактарда мыктынын, жакшынын, тактыктын жана  адилеттүүлүктүн жанында бекем турууга умтулган өлкөбүз. Акыркы эпидемия процессинде дос же душман бардыгы буга күбө болушту. Жүздөгөн өлкөнүн асманында медициналык каражаттарды ташыган биздин учактарыбыз ​​өлкөбүздүн желегин жана жакшы ниетибиздин желегин желбиретишти. Жакшылыктын үстөмдүк кылышы, жамандыктын жана зылымдыктын азайышын каалагандан башка максатыбыз жок».

Шентоп башка бирөөнү түшүнүү жана өзүбүздү бирөөгө түшүндүрүү үчүн тилден башка жол жок экендигин баса белгилеп, «Бири-бирибизди угалы. Душмандыкка эмес, сүйүүнүн, тынчтыктын жана ырайымдын тилин колдонолу»,- деди.



Тектеш кабарлар